Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Шайлоо тизмесинен өзүн тактоого үч күн убакыт калды


Бул тууралуу шайлоону уюштурууга даярдык көрүү боюнча өкмөттүн жыйынында премьер-министр Темир Сариев билдирди. Ал биометрикалык маалыматын тапшырган жарандардын өзүн тизмеден текшерип алуусуна чукул убакыт калганын эскертип, калкты бул жараянга жигердүү катышууга чакырды.

Өкмөт 6-сентябрдан тарта өлкө боюнча “Өзүңдү тизмеден такта” он күндүк акциясын баштаган.

Соңку эсептер боюнча өлкөдө биометрикалык маалыматын тапшыргандар 2 млн. 700 миңден ашты. Алардын ичинден 2,5 миллиондон ашууну шайлоого катышууга укуктуу. Шайлоого катышуучу жарандардын биометрикалык маалыматын кабыл алуу 20-сентябрга чейин уланат. (AzK)

XS
SM
MD
LG