Сузак айыл өкмөт башчысы Аскарбек Сариевдин "Азаттыкка" билдиришинче, 13-сентябрда "Кыргызстан" партиясы Сузак айыл аймагында футбол уюштурган. Анда Садда менен Благовещенка айылдарынын жаштары ойноп жатып, чырлаша кетишкен. Оюн бүткөндөн кийин мушташканы калган жаштарды милиция кызматкерлери токтотуп калышкан. Түн ичинде 80ге чукул чогулган балдарды жергиликтүү бийлик милиция менен биргеликте тараткан.
Жергиликтүү бийлик аталган партия футбол өткөрөрү тууралуу маалымат бербегенин билдирүүдө.
Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Нурбек Жаныбеков “Азаттыкка” окуяны оюндан кийинки боло калчу талаш катары белгилеп, кооптонууга эч кандай негиз жоктугун билдирди. (AzK/EBM/RsK)