Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:09

Чаткалда нааразылыкка чыккандар менен жергиликтүү бийлик сүйлөшүүдө


Жалал-Абаддын Чаткал районундагы Чандалаш айылында Түштүк кореялык “Бустер” компаниясына каршы нааразылыкка чыккан тургундар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу райондук бийликтен “Азаттыкка” кабарлашып, маселе жакын арада чечилерин билдиришти.

Аталган айылдын тургундары чет элдик компания кыштак менен район борборунун ортосундагы дарыяга көпүрө куруп берүүсүн, болбосо жумушун токтотуусун талап кылышууда. Алар “Бустер” ишканасы мурда убада бергенин, бирок аткарбаганын айтып, 14-сентябрда компания жайгашкан жерде мөөнөтсүз нааразылык митингин башташкан.

Жергиликтүү элдин көпүрө боюнча суранычтарын бийлик аткарбай койгон. “Бустер” компаниясы Түштүк Кореялык ишкерлерге таандык. Азырынча ишканадан бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Акцияга айылдын ондогон тургундары катышууда. Уюштуруучуларынын бири Нармат Молдалиев маселе чечилмейинче эч жакка кетишпей турганын “Азаттыкка” билдирди.

Чандалаш айылында 60 түтүн жашайт. Район борборуна баруу үчүн ортодогу сайды айланып, 13 км айланып өтүүө туура келет.(SE)

XS
SM
MD
LG