"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын талапкерин сабады деп шектелген “Бир Бол” партиясынын талапкер Нурбек Мурашевге кылмыш ишин козгоо боюнча Ички иштер министрлигинин өтүнүчүн БШК канааттандырган жок. Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт маалында мындай окуя алгачкы жолу катталып жактандыктан, ага эскертүү берүү менен чектеле турган болду.
Буга чейин “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын тизмесиндеги талапкер Кочкор-Ата шаардык кеңештин депутаты Кабылжан Кимсамбаев Мурашев сабап салганын айтып милицияга арыз менен кайрылган. Нурбек Мурашев ал киши менен айтышканын ырастап, сабады деген сөз жалган экенин билдирген.
Өткөн жылы Жогорку Кеңеш депутаты Нурбек Мурашев менен Улуттук госпиталдын дарыгери Жамал Тургунбаевдин ортосунда чыр чыгып, анын негизинде депутатка кылмыш иши козголгон болчу.
Мурашев парламенттик шайлоого бараткан “Бир Бол” партиясынын тизмесинде. (SDz/AzK)