Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Ташкенде жоолук салынган медайымдар иштен алынууда


Ташкендеги медициналык мекемелерде хижаб кийген же жоолук салынган медайымдар жумуштан алынууда. Алгач аларга эскертүү берилерин, ага моюн сунбагандар иштен бошотуу аркылуу жазаланарын жергиликтүү булактар “Азаттыктын” өзбек кызматына кабарлады.

Дарыгер айымдардан “ооруканада гана эмес, сыртта жүргөндө да жоолук салынбайм” деген тилкат алынууда. Муну бейтапканалардын башчылары тастыктабаганы менен, оромол салынгандарга чара көрүү боюнча жогору жактын көрсөтмөсү бар экенин расмий булактар айтууда.

Буга чейин Өзбекстандагы билим берүүчү мекемелерге шарият кийимдерин кийип келүүгө тыюу салынган. Кийинчерээк базарларга хижаб кийгендерди киргизбөө тууралуу буйрук чыккан.(SE)

XS
SM
MD
LG