Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Карыларга кам көрүү боюнча бир айлык башталды


Кыргызстанда “Карыларга кам көрүү жана жардам берүү” деген аталышта бир айлык башталды. Анын алкагында улгайган адамдарга, жалгыз бой ардагерлерге гуманитардык жардам берилип, көнүл ачуучу оюн-зоок, концерттер уюштурлат. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, ага мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер катышат.

Өткөн жылы ушундай иш-чаранын натыйжасында кары-картаңдарга кошумча 23 миллион сомдон ашуун жардам көрсөтүлгөн.

Азыр өлкө боюнча 60 жаштан улуу 408 миң адам жашайт. Былтыр Global AgeWatch Index рейтингинде Кыргызстан карыларга камкордук көрүү боюнча 96 өлкөнүн ичинен 49-орунду ээлеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG