Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Бишкекте заманбап медициналык клиника курулат


Өкмөттүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, учурдун талабына шайкеш медициналык клиниканын курулушу Германия тарабынан каржыланат. Тиешелүү макулдашууга вице-премьер-министр Валерий Диль менен германиялык Marien Hospital Herne клиникасынын өкүлү, профессор Марк Реймонддун жолугушуусунда жетишилди.

Клиника хирургия, кардиология жана терапия бөлүмдөрүнөн турат. Ага жалпысынан 10 миллион евро сарптала турганы күтүлүүдө. Имарат үчүн жер бөлүштүрүү аракеттери быйыл башталмакчы.

Немис тарап буга чейин Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына керектүү жабдуулар жана дары-дармек жактан көмөктөшүп, он дарыгерди атайын окуудан өткөргөн. Адистерди даярдоо, тажрыйба жана акыркы технологиялар менен алмашуу багытындагы жардамдар мындан ары да улантыларын убада беришүүдө.

XS
SM
MD
LG