Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:52

Султанов: чара көрүлбөсө доллар дагы өсүшү мүмкүн


Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султанов бүгүн Бишкекте доллардын сомго карата кымбатташына байланыштуу маалымат жыйын өткөрдү. Ал улуттук валютанын куну кескин түшөт деген коркунуч жок экенин, бирок өкмөт чукул өзгөрүүлөргө даяр болушу керектигин белгиледи.

“Мындан бир нече жыл мурда азыркыдай сандар фантастика сезилчү. Чара көрүлбөсө мындан да ашышы мүмкүн. Азыр Улуттук банк каржы-насыя саясатын жүргүзүүдө. Бирок бул жетишсиз. Банк башкарууга боло турган өзгөрүлмө валюта курсун камсыз кылыш керек болчу”, - деди Султанов.

Ал Батыш Орусияга карата санкция киргизгенден кийин рублдын куну түшкөнүн, бул сомго да таасирин тийгизгенин белгиледи.

Кыргызстанда доллар бир суткада 3 сомго кымбаттады. Учурда Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 72,50 – 73 сомдон сатылууда. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG