Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Ошто Мыскал Өмүрканованын 100 жылдыгы белгиленди


Бүгүн Ош мамлекеттик университети легендарлуу ырчы Мыскал Өмүрканованын 100 жылдыгын илимий чыгармачылык концерт менен белгиледи.

Иш-чарага аймактагы белгилүү ырчылар, искусство таануучулар жана студенттер катышып, анын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу маалыматтар айтылды.

Каарман тууралуу видео көрсөтүлүп, искусство факультетинин студенттери тарабынан концерт коюлду.

Мыскал Өмүрканова Нарын облусунун Жумгал районунда 1915-жылы туулуп, 1976-жылы 62 жашында каза болгон. Ырчы Ленин орденинин ээси, Кыргызстан Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Ал согуш жылдарында Польшадан тарта Кытайга чейин барып ырдаган.

Мыскал Өмүрканова “Алымкан”, “Ак бермет”, “Ой булбул”, “Катка жооп”, “Алымкан”, “Кызыл гүл” сыяктуу ырлары менен элдин эсинде калган. (YI)

XS
SM
MD
LG