Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Атайын операция учурунда үй-жайынан айрылгандарга үч миллион сом бөлүндү


Бишкек мэриясы быйыл жайында атайын операция учурунда үй-жайынан айрылган 5 тургунга 3 миллион 200 миң сом бөлдү. Бул тууралуу бүгүн мэриядан кабарлашты. Каражат бөлүү тууралуу сертификаттарды Биринчи Май районунун акими Аскербек Алиев тапшырды.

16-июлда Бишкектин Анкара жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде Улуттук коопсуздук комитетинин антитеррордук операциясы жүргүзүлгөн. Атайын кызмат "Ислам мамлекети" террордук тобуна катыштыгы барлар кармалды, экөө жок кылынды деп маалымдаган. Бирок кийин кылмышка шектүүлөрдүн жакындары алар террорчулукка тиешеси болбогонун айтып, күч кызматкерлерин айыптаган.

Өлкө жетекчилиги үй-жайы жок кылынгандарга кышка чейин там салып берүү талабын койгон. (RK)

XS
SM
MD
LG