20-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын кээ бир райондордо гана болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 6...11, күндүз 15...20,
Таласта түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18,
Баткенде түнкүсүн 9...14, күндүз 18...23,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, күндүз 12...17,
Нарында түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз ала булут каптап турат, жаан-жачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 17…19 градус болот.