Жолугушуу Бишкектеги “Хаятт” мейманканасында болот. Иш-чара ишкерлердин майрамына карата уюштурулууда. Ага өкмөт башчы, экономика министри, соода-өнөр жай палатасынан өкүлдөр жана ишкерлер катышат. Жолугушуунун соңунда Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө салым кошкон ишкерлерге сыйлык берилет.
Кыргызстанда ишкерлердин майрамы он беш жылдан бери 20-сентябрда белгиленет.(ZKo)