Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

Нетаньяху Путин менен Москвада жолугат


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолугуп, Кремлдин Сириядагы аскердик аракеттерин талкуулайт. Нетаньяху 21-сентябрда Путин менен Москвада жолугушкан кезде Сириянын Латакия шаарына жакын жердеги орус аскердик базасы боюнча өз эскертүүсүн айтат деп күтүлүүдө.

Jerusalem Post басылмасынын жазышынча, Нетаньяху менен бирге Москвага Израилдин Генштабынын жана Аскердик чалгын кызматынын башчылары баратат. Аталган басылма белгилегендей, Нетаньяхуну чет мамлекетке болгон сапарлары учурунда аскер жетекчилеринин коштоп баруусу сейрек көрүнүш.

Атын атагысы келбеген Израил премьер-министринин мурдагы кеңешчисинин айтымында, Нетаньяху Москвада күтүүсүз чыр-чатактар болуп кетпеши үчүн Путин менен айрым бир “базалык эрежелерди” макулдашууну үмүттөнөт.

Буга чейин Орусия менен “макулдашуу” сүйлөшүүлөрүн АКШ да жүргүзгөн. АКШ жана Орусия коргоо министрлери Эштон Картер менен Сергей Шойгу алардын аскерлери өз ара чыр-чатакка барбашы үчүн мындан ары да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турууну макулдашкан.

АКШ Сириядагы жана Ирактагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы эл аралык коалицияны жетектейт. Москва да “терроризм менен күрөшүүгө” жардам берүүгө даяр экенин айтып келе жатат. Бирок Батыш жана Араб мамлекеттери Башар Асаддын режимине каршы болуп келе жаткан байистүү оппозицияны колдойт. Бул оппозиция ислам радикалдарына да, Башар Асаддын режимине да каршы согушууда. Ал эми Орусия болсо Асаддын режимин колдоп келатканы маалым.

XS
SM
MD
LG