Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Темир Сариев: Саламаттыгы сак 40 жаштагы адамды табуу кыйын


Премьер-министр Темир Сариев медайымдардын билиминин жетишсиздигинен ооруканаларда ВИЧ илдетин жуктуруп алуу коркунучу бардыгын мойнуна алды. Мындай пикирин ал 23-сентябрда саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери менен жолугушууда билдирди. Өкмөт башчы ошондой эле Кыргызстанда дартты эртелеп аныктоо, ооруларды алдын-алуу жагы аксап жатканын айтты:

-Дарыгерлер өздөрү айткандай, бүгүн Кыргызстанда саламаттыгы ар тараптан бекем 40 жаштагы кишини табуу кыйын. Ден соолук көйгөйү мектеп жашынан башталат. Балдар колдорун жуубайт. Биз ар бир мектепте дааратканалар жана кол жуугучтар болушун талап кылабыз.

Премьер-министр Темир Сариев ошондой эле ооруканаларды оңдоп-түзөө иштерин, медициналык жабдыктар менен жетиштүү камсыздоо маселесин да көтөрүп, аларды жөнгө салуу үчүн каражат табууну убада кылды.

Өкмөт башчы бүгүн Улуттук хирургиялык борборду жана Улуттук госпиталды кыдырып, ооруканалардын абалы менен таанышты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG