Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Ленина Абдырахманова өкмөттөн жардам сурады


Темир Сариев Ленина Абдырахманованын үйүндө
Темир Сариев Ленина Абдырахманованын үйүндө

Кыргыз өкмөт башчысы Темир Сариев Курман айт майрамында Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн бири - Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахманованын үйүнө барып, ал кишини куттуктады жана өз атынан майрамдык белектерин берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Ленина Абдырахманова атасынын жарыкка чыга элек кол жазмалары бар экенин, алардын көбү орусча болгондуктан, кыргызчалап басып чыгарууга жардам берүүсүн премьерден суранды. Темир Сариев бул маселе боюнча иштер жасалып, көмөк көрсөтүлөрүн белгиледи.

Коомдук жана саясий ишмер Жусуп Абдырахманов Кыргыз АССРнын Элдик комиссарлар кеңешинин биринчи төрагасы болгон.(SE)

XS
SM
MD
LG