Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 23:56

Украина Казакстанга катуу нааразылык билдирди


Украинанын Астанадагы элчилиги казак бийликтеринен окуу китептеринде Орусия каратып алган Крымды анын бир бөлүгү деп атоо боюнча түшүндүрмө талап кылды. Элчиликтин маалымат өкүлү Ирина Блашук “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргендей, расмий нота Казакстандын Тышкы иштер жана Билим берүү министрликтерине 25-сентябрда жөнөтүлдү. Анда окуу китептерди мектептерден алып салуу талабы айтылган. Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Алибек Шокпаров андай катты алышканын тастыктады.

Нотада Крымды Орусиянын аймагы катары сыпаттоо эл аралык коомчулуктун позициясына, анын ичинде Астананын Украинанын аймактык бүтүндүгүнө каршы келери айтылган.

Крымдын Москва тарабынан каратып алынышын БУУнун Башкы Ассамблеясында 100дөн ашык өлкө айыпташкан.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG