Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:16

Шарапова 10 жылда эң көп киреше тапкан спортчулардын катарына кирди


Мария Шарапова
Мария Шарапова

"Форбс" журналы орусиялык теннисчи Мария Шарапованы акыркы 10 жылда эң көп акча тапкан 20 спортчунун тизмесине киргизди.

Рейтинг 2015-2015-жылдагы жалпы кирешенин негизинде түзүлгөн. Ушу тапта АКШда жашаган Шарапова тизмедеги жападан-жалгыз аял спортчу, ал 18-орунга жайгашкан. 10 жылда теннисчи 250 миллиондой доллар алган. Биринчи орунда 845 миллион доллар киреше менен америкалык гольф оюнчусу Тайгер Вудс турат. Экинчи сап анын мекендеши, боксер Флойд Мэйвезерге, үчүнчү баскетболчу Кобе Брайнга тийген.

Рейтингде ошондой эле теннисчи Рожер Федерер, футбол жылдыздары Дэвид Бэкхем, Лионель Месси жана Криштиану Роналдону көрсө болот. Бардыгы болуп ошол 20 спортчу акыркы 10 жылда 7,7 миллиард доллар киреше тапкан.

XS
SM
MD
LG