Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Омбудсмен институту шайлоого көз салуу үчүн жумушчу топ түздү


Кыргызстандын Акыйкатчы институту шайлоо күнү бардык облустарда добуш берүү жараянына көз салуу үчүн жумушчу топ түздү. Ага мекеменин борбордук жана аймактык бөлүмдөрүндө иштеген кызматкерлер кирет.

Омбудсмендин милдетин аткаруучу Гүлнара Жамгырчиева билдиргендей, алар шайлоочулардын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөшөт. Ошондой эле мекеме бардык көз карандысыз байкоочуларды бейтарап болууга чакырууда.

Жогорку Кеңешке шайлоо келаткан жекшембиде – 4-октябрь күнү болот. Ага 14 партия ат салышууда.

Добуш берүүгө бир жарым миңдей жергиликтүү, 600 эл аралык байкоочу көз салат. (SE)

XS
SM
MD
LG