28-сентябрь күнү Бангладештин баш калаасында Италиянын жараны белгисиз кишилердин колунан ажал тапты.
Нидерландиянын бейөкмөт уюмдарынын биринде иштеген 50 жаштагы Чезаре Тавелланы Даккадагы дипломатиялык аймакта кечинде жумуштан кайтып бара жаткан жеринен атып кетишкен. Бул тууралуу шаардын полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Мунтасирул Ислам билдирди.
Бангладештин бийлиги радикал динчилдердин тобу менен күрөшүүдө. Радикалдар 160 миллион калктуу Бангладешти шарияттын мыйзамдарын жолдогон ислам өлкөсүнө айлантууну көздөшөт. (BCh)