Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

БШК “Азаттык” партиясынын арызын карай элек


Парламенттик шайлоого талапкер “Азаттык” партиясынын Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) үгүтү тууралуу арызын Борбордук шайлоо комиссиясы карай элек. Бул тууралуу БШКнын үгүт өнөктүгүн көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобунун өкүлү Рашид Бекбасаров билдирди. Анын айтуусунда, жумушчу топ өкүлдөрүнө арыз тууралуу азырынча маалымдала элек.

“Азаттык” партиясынын жетекчиси Исмаил Исаков КСДПнын үгүт жарнамалары боюнча чара көрүүнү сурап БШКга 28-сентябрда кайрылганын билдирген. Арызда КСДП “Президентти колдойлу!” деген чакырык колдонуп, Баш мыйзамды бузуп жатканы белгиленет. Кайрылуунун нускасы өкмөт башчы Темир Сариевге да жиберилген.

Мыйзам боюнча мамлекет башчы эч бир партияны жандабай, шайлоо учурунда бейтарап болушу керек.

КСДПнын “Президентти колдойлу!” деген жарнамалары 28-сентябрдан тарта илине баштаган. Партиянын Бишкектеги штабынан мамлекет башчы КСДПны менин партиям деп ачык эле айтып жүргөндүктөн муну үгүткө колдонуп жатышканын билдиришти.

“Азаттык” партиясынын “Азаттык” радиосуна тиешеси жок. (SE)

XS
SM
MD
LG