Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:10

Ошто өзбекстандык ырчылар стадиондо концерт коюшат


Гайрат Усманов, ырчы.
Гайрат Усманов, ырчы.

“Аалам” гезитинин 20 жылдык юбилейине байланыштуу бүгүн Ош шаарында А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо Өзбекстандан келген ырчылар концерт тартуулашат. Бул тууралуу басылманын негиздөөчүсү Шамшыбек Медетбеков “Азаттыкка” билдирди. Концертке коңшу өлкөнүн белгилүү ырчылары Гайрат Усманов менен Гүли Асалхожаева чакырылган. Экөө тең Кыргызстанда төрөлүп, Ташкенге көчүп кетишкен.

Кыргызстанда 2010-жылдагы июнь коогасынан бери өзбекстандык ырчылар концерт бербей калган.

Республикалык “Аалам” гезити 20 жылдан бери такай жарыкка чыгып келет. 2010-жылдан бери улуттар аралык ымаланы бекемдөө максатында өзбек тилинде жарык көрө баштаган. (SE)

XS
SM
MD
LG