Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Беларус соту оппозиция өкүлдөрүн айыпка жыкты


Минск соту.
Минск соту.

Минск соту Беларус оппозициясынын бир тобуна акчалай айып салды. Алардын арасында президенттикке мурдагы талапкерлер Николай Статкевич менен Владимир Некляев да бар. Сот аларды Минскиде уруксат берилбеген акцияга катышканы үчүн айыптады.

Сот Статкевичти 500, Некляевди 300, дагы бир оппозицячы Лебедькону 400 доллардай акча төлөөгө милдеттендирди.

Ушул айда Беларус оппозициясы алдыдагы президенттик шайлоону таза жана ачык өткөрүү талабы менен Минксиде бир катар акцияларды уюштурган. Бул өлкөдөгү президенттик шайлоо 11-октябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG