Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

Бишкекте түркмөн музыкасынын концерти өтөт


Бүгүн кечинде Кыргыз улуттук консерваториясында түркмөн композиторлорунун чыгармалары жаңырат. 1-октябрь, Дүйнөлүк музыка күнүнө карата бул маданий иш-чараны консерватория Түркмөнстандын Маданият министрлиги менен бирге уюштурууда.

Концертке Бишкек мэриясынын жана консерваториянын чоң симфониялык оркестри катышат. Оркестрдин көркөм жетекчиси – Кыргыз эл артисти Муратбек Бегалиев, пультта – Түркмөнстандын искусствосуна эмгеги сиңген ишмер, дирижер композитор жана пианист Ровшен Непесов.

Программада түркмөн эл артисттери, көптөгөн премиялардын лауреаттары Чары Нурымов, Нуры Халмамедов, Режеп Режепов, Амандурды Агажиковдун чыгармалары бар. (RK)

XS
SM
MD
LG