Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Бишкекте жол эрежесин бузуп, милицияга кол салгандар кармалды


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, Чүй облусунун 4 тургунуна милиция кызматкерине кол көтөргөн деген негизде кылмыш иш козголуп, алардын экөө убактылуу тергөө абагына камалды.

30-сентябрь күнү Бишкекте «Тойота» унаасы автоинспекторлордун токтотконуна карабай, качып кетүүгө аракет кылган. Алар кармалган учурда ичиндеги мас жарандар тартип коргоо кызматкерлерине кол көтөрүп, натыйжада Жол кайгуул кызматынын эки инспектору жана атайын батальондун бир кызматкери жабыркаган. Алардын бири буту сынып, баш сөөгү жабыркап, реанимация бөлүмүнө түштү.

Тергөө жүрүп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG