Бүгүн, 2-октябрда эртең мененки саат сегизде Сузак районунун Атабеков айыл аймагына караштуу Бек-Абад айылында Бишкек-Ош унаа жолунун 572-чакырымында оор жүк ташуучу унаа менен "Фольксваген" үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышкан.
Кырсыктын кесепетинен 2 адам набыт болуп, 1 адам жараат алды.
Жабыркаган жаран тез жардам унаасы менен Сузак райондук ооруканасына жеткирилди.
Күйүүчү май ташуучу фурада бензин болгон эмес. (AzK)