Баткен облусунун Кадамжай районунда эки тургундун анализдери кара тумоого текшерилип жатат. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
30-сентябрда Кадамжай аймактык ооруканасына күйдүргүгө шектелип эки жаран жаткырылган. Алар - Халмион айылынын 39 жаштагы тургуну Камалжан Чоенов жана Айдаркен шаарынын 57 жаштагы жашоочусу Аширбай Колдошов.
1-октябрда Кадамжай райондук санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл борбору анализге үлгү алып, Ош шаарындагы кара тумоо оорусуна каршы түштүк аймактык бөлүмгө жөнөткөн.
Анализдин жыйынтыгы чыкканда кошумча маалымат берилет. (RK)