Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Атамбаев: "Чоң муштумдар" парламентке барып кайра тайраңдагысы келүүдө


"Айрым "муштуму чоң" талапкерлер шайлоого катышып, парламентке кайрадан барып тайраңдагысы келип жатат", - деп билдирди бүгүн Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев. Мамлекет башчы буга жол берилбей турганын айтып, элди добушун сатпай, туура тандоого үндөдү.

Президент бүгүн Көк-Жар жаңы конушунда милиция кызматкерлери үчүн курулган 180 батирлүү 3 үйдүн ачылыш салтанатына катышты. Чогулгандар жана журналисттер алдында сүйлөп жатып шайлоо темасына да токтолду.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. 14 партия Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орун үчүн ат салышууда. (SzD)

XS
SM
MD
LG