Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

Ош менен Баткенде 16 подстанция оңдолду


Бул тууралуу "Ошэлектр" ачык акционердик коомунун маалымат катчысы Талгат Алиханов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Ош шаары, Ош жана Баткен облустарындагы 35 кВ чыңалуудагы 16 подстанция толугу менен ремонттон өттү. Ошондой эле аталган аймактарда 35 кВ чыңалуудагы 53,685 чакырым электр зымы толугу менен жаңыланды. Оңдоого муктаж болгон башка көмөк чордондорду оңдоп-түзөө иштери каралууда.

«Ошэлектр» ачык акционердик коому Ош, Баткен облустарын жана Ош шаарын электр жарыгы менен камсыздайт. Үч аймакта жалпы 87 көмөк чордон бар. Адистер кабарлагандай буга чейин аталган аймактарда кышында кеминде 10 чакты трансформатор жана бир нече подстанциялар күйүп кетчү. (ErN)

XS
SM
MD
LG