“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюмунда парламенттик шайлоого карата "ишеним телефону ишке кирди. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган уюмдан билдиришти.
4-октябрь күнү шайлоо мыйзамдары боюнча кайрылгандарга кеңеш берилет, андан сырткары шайлоо укугу тебеленгендерге укуктук жардам көрсөтүлөт.
"Ишеним телефондор" 3-4-5-октябрь күндөрү гана иштейт.
Шайлоого байланыштуу мыйзам бузуулар боюнча арыздар 0 (312) 31 42 38, 0 (556) 01 38 40 телефон номурлары аркылуу же birduinokyrgyzstan@gmail.com электрондук дареги аркылуу кабыл алынат. (YI)