Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Орусия Сирияда ИМдин согушчандары жок аймакка сокку урганы айтылууда


Бомбалоодон кийин. Сирия. 1-октябрь, 2015-жыл
Бомбалоодон кийин. Сирия. 1-октябрь, 2015-жыл

Орусиялык учактар Сириядагы “Ислам мамлекети” тобунун өңүттөрүнө үчүнчү күн катары менен сокку урду. Орусиянын Коргоо министрлигинин билдиришинче, бүгүн халифатчылардын 12 жайына, анын ичинде Алеппо провинциясындагы командалык борбору, байланыш борбору жана Идлибдеги лагери бомбаланган. Согушчандардын Хама провинциясындагы командалык борбору толук кыйратылган. Бирок Британияда жайгашкан Сириядагы адам уккутарына байкоо жүргүзчү уюм өз активисттерине таянып, орусиялык авиация сокку урган аймактарда “Ислам мамлекети” тобунун согушчандары жок экенин билдирди.

Орусия Сириянын аймагына өткөн шаршемби күнү авиасокку ура баштаган жана аны ИМдин согушчандарына багытталган операция деп атаган. Москванын ырасташынча, авиасоккулар Башар Асаддын режимине ишенимдүү аскерий күчтөр менен макулдашып урулган.

Вашингтон Москванын түпкү максаты согушчандарды жок кылуу эмес, Асадды бийликте сактап калуу деп кооптонот.

XS
SM
MD
LG