Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:21

Рамзан Кадыров Сирияга чечен аскерлерин жөнөтүүнү суранды


Чеченстан президенти Рамзан Кадыров Орусия мамлекет башчысы Владимир Путинге кайрылып, “Ислам мамлекетти” террордук тобунун жоочуларына каршы күрөшүүгө Чеченстандан ыктыярчыларды жөнөтүүнү суранды.

Кадыровдун оюнча, чечен аскерлери баратканын укса согушкерлердин деми сууп, качып кетиши ыктымал:

-Биз аларды билебиз, алар менен согушканбыз жана жеңгенбиз,- дейт ал.

Чечен лидери эгер Сирияга барууга уруксат берилсе ошол күн майрам болуп эсептелерин белгиледи.

Өткөн жылдын декабрында Рамзан Кадыров президенттиктен кетип, Донбасска барып салгылашууга даяр экенин билдирген болчу.

30-сентябрдан тарта Орусиянын аскерий учактары Сирияда жоочуларга каршы абадан сокку ура баштады. Бирок батыш мамлекеттери бул аракетке күмөн саноо менен карап, муну президент Башар Асаддын режимин күчөтүү катары сыпатташууда. (SE)

XS
SM
MD
LG