Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Сариев: Таза шайлоо өткөрүүгө саясий эркибиз жетти


Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев добуш берүү жараяны аяктагандан кийин маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, бул жолу шайлоо өнөктүгүндө бардык партияларга бирдей мүмкүнчүлүк түзүлдү, шайлоо мурда болуп көрбөгөндөй таза өттү:

- Бардык саясий партиялар бийлик менен өкмөт тең салмак мамиле кылганын айтышты. Алардын баарына ММК жана теле аркылуу бирдей мүмкүнчүлүк берилип, шайлоочулар менен кенен жолуга алышты. Бүгүнкү добуш берүүнүн жыйынтыгы – шайлоочулардын каалоосу.

Премьер-министр шайлоочулардын катышуусу көбүрөөк болот деп күтүлгөнүн кошумчалады. Ошондой эле анын айтуусунда, эл аралык байкоочулар Кыргызстанда 4-октябрда өткөн шайлоону жогорку деңгээлде өттү деп белгилешти.(EBM;ZKo)

XS
SM
MD
LG