Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:26

Оштогу добуш берүүлөр боюнча 14 арыз түштү


Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясына түшкөн арыз-даттануулардын басымдуу бөлүгү өздөрүн тизмеден таппай калгандар жана кезектин көптүгүнө нааразы болуп кайрылгандар. Бул тууралуу “Азаттыкка” комиссиясынын төрагасы Рысбек Нурдинов билдирди. Добуш берүүлөр боюнча мындан башка олуттуу мыйзам бузуулар катталган эмес.

Нурдинов белгилегендей, 4-октябрдагы шайлоонун жүрүшүндө 3 урна бузулуп, алардын ордуна мурунку эски урналар колдонулган. Добуш сатып алуу боюнча арыздар катталган эмес.

ИИМдин аймактык башкармалыгы кабарлагандай, Ош облусундагы 484, Ош шаарындагы 80 шайлоо участокторунда бир да тартип бузуу катталган жок.

Саат 20:00дөгү жыйынтык боюнча Ош шаарында 79 546 адам добуш берди. Ал жалпы шайлоочулардын 59%ын түздү. (ErN)

XS
SM
MD
LG