Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин VI чакырылышы шайлоо жыйынтыктары расмий чыгарылгандан кийин 15 күндүн ичинде ишке киришүүсү керек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров билдирди. Анын айтуусунда, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча протоколдорду эсептөөлөр башталды.
-Аймактык комиссиялар 7-октябрда кечинде бардык протоколдорду кабыл алып, жыйынтыктоочу отурумду өткөрүшү мүмкүн. Андан кийин борбордук шайлоо комиссиясына келе баштайт. Ал жерде да үч күн күтүлөт. Эң жакын мөөнөт деп 9-10-октябрда жалпы жыйынтык чыгарылышы мүмкүн.
Алдын-ала маалымат боюнча, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо 6 партия 7%дык босогодон өтүп, утуп чыккан. Анда болжол менен КСДП шайлоочулардын 27,48% добушу менен 37 мандатка,“Республика Ата-Журт” 20,13% добуш менен 28 мандатка,“Кыргызстан” 12,75 пайыз добуш менен 18 мандатка ээ болот. “Өнүгүү-Прогресс” 9,32% менен 13 орун алса, “Бир Бол” партиясы 8,44% добуш менен 12 орунга жетишет. “Ата Мекен” 7,76% добуш менен 11 мандатка ээ болору айтылууда. (КЕ)