Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:05

Биометрикалык маалыматтарды чогултуу кийинки аптада жанданат


Бул тууралуу биринчи-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жарандарды идентификациялык тесттен өткөрүүгө чакырылган атайын операторлор менен жолугушкан учурда билдирди. Анын айтуусунда, бул жараян эми үзгүлтүксүз жүрөт.

“Биометрикалык маалыматтарды шайлоодо колдонуу бир гана функция болчу. Эми биометриканын башка дагы функцияларын ишке ашырышыбыз керек. Бул багыттагы системаны ишке киргизүү үчүн кыска жана узак мөөнөттүү программа иштелип чыкты”, - деди Сарпашев.

Жарандардан биометрикалык маалымат топтоо жараяны өткөн жылдын сентябрында башталган. Өкмөттүн маалымыты боюнча, ушул убакка чейин 2 млн. 842 миңден ашуун кыргызстандык биометрикалык каттоодон өткөн.

Кыргызстанда добуш берүү алгач ирет биометрикалык маалымат негизинде өттү. Добуш берүүнүн алдында бул жараян убактылуу токтогон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG