Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Баш кошкондун 40 жылдыгын Ошто лимузин менен белгилешти


Кара-Суу районунун тургундары Карим Назаров менен Бүалима Жолдошева баш кошкондугунун 40 жылдыгын белгилеп, Ош шаарын лимузин менен кыдырып чыкты. Алар муну жаш кездерин эске салуу үчүн жана аталган датаны кызыктуу өткөрүү үчүн уюштурушкан. Жубайларды достору, классташтары коштоп жүрдү.

Түгөйлөр Ош шаарынын борбордук аянтында жана калаага кире бериштеги аркада чогуу хор ырдоого да үлгүрүштү. Жашы улуу болсо да үлпөт тойго окшотуп сайран куруп жүргөндөрдү калаа жашоочулары таң калуу менен карап жатты.

Карим Назаров менен Бүалма Жолдошованын ортосунда 3 уул, 9 небереси бар.

Ошто адатта үйлөнүү тойлорун белгилөө катар-катар машине жана лимузиндер менен коштолот. Эки жаш никени каттоочу мекемеден той өтчү ресторанга чейин сөзсүз атайын унаада барышат. Үлпөттөргө кеминде 5-6, а кээде 30га чейин унаа чыккан учурлары бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG