Казак агротехникалык университетинин 4-жатаканасында чыккан өрттөн бир адам ажал тапканын Астананын өрт өчүрүү кызматынан кабарлашты. Өрт өчүрүүчүлөр он адамды "тилсиз жоодон" сактап калганга үлгүргөн.
Жатаканада өрт чыкканы аталган кызматка бүгүн түшкү экиде кабарланган. Ошол замат жетип барган өрт өчүргүчтөр 20 мүнөттө аны өчүрүүгө жетишкен.
Учурда кырсыктын себептери териштирилүүдө.