Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Ошто боорсок фестивалы өтөт


Ош шаарынын 3015 жылдык мааракесине карата, 29-октябрь күнү түштүк борбордо боорсок жарманке-фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Ал күнү жүздөгөн кыз-келиндер жана энелер чакчак, гүлбоорсок, чийбоорсок, ширин боорсоктун ондогон түрлөрүн жасап конокторго тартуулайт. Жарманке жүрүп жаткан учурда боорсоктун жасалгалоо процесси баштан аяк көрсөтүлөт. Пахта, күн карама жана малдын майларына куурулган нандын улуттук түрү бул күнү ар тараптуу даңазаланат.

Ош улуттук драма театрынын алдында өтчү иш-чарага карата 10 чакты боз үй тигилет. Фестивалга Европа, Америкадан келген туристтер жана КМШ мамлекеттериндеги Ош шаарынын боордош шаарларынан делегациялар чакырылган.

5-октябрда белгиленчү бул майрам парламенттик шайлоого удаалаш келип калганы үчүн белгиленген жок. Ош шаар башчысынын буйругу менен калаанын туулган күнүн белгилөө 29-октябрга калтырылган. Бул майрам 2000-жылдан бери майрамдалат. (ErN)

XS
SM
MD
LG