Эл аралык укук коргоочу Amnesty International уюмунун эки өкүлү Азербайжанга кире бериште кармалып, өлкөгө киргизилбей койгону жарыялады.
Бул уюмда иштеген эки грузиялык жаран Бакудагы аэропортко барып түшкөндө 7-октябрь күнү миграция кызматкерлери тарабынан кармалып, кайра өз өлкөсүнө депортацияланган.
Азербайжан бийлиги адам укугун коргоочулар менен оппозиция мүчөлөрүнө жасаган терс мамилелерден улам эл аралык уюмдардын катуу сынына кабылууда. (BCh)