Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 2015-жылдын август айында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери автоунаа уурдап качкан деп шектелген жаранды кармап келип, анын күнөөсүн мойнуна алдыруу максатында ур-тепкиге алышкан. Жыйынтыгында кармалган жарандын сол бөйрөгү жарылып, ден соолугуна оор залал келтирилген. Ушул тапта прокуратура тарабынын милиция кызматкерлерине карата кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Кыргызстандагы Кыйноолордун жана зомбулуктун алдын алуу боюнча түзүлгөн улуттук борбордун маалыматы боюнча, аларга келип түшкөн арыздардын дээрлик 80 пайызы милиция кызматкерлеринин үстүнөн жазылган. (AzK)