Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:58

Пентагон Сириядагы программасын өзгөртөт


АКШнын коргоо министри Эштон Картер
АКШнын коргоо министри Эштон Картер

Пентагон жума күнү жарыялагандай, Сириядагы байистүү козголоңчулардын жаңы күчтөрүн машыктыруу программасынан баш тартып, анын ордуна “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерине каршы күрөшүп жаткан оппозициялык топторго колдоо көргөзөт. АКШнын коргоо министри Эштон Картер жихадчылардын карамагындагы аймактарга “координацияланып басып кирүүгө” даяр болуш үчүн “текшерилген лидерлерди жана кошуундарын" курал-жарак менен камсыздоо буйругун берди. Бул тууралуу Пентагондун билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматтарга караганда, козголоңчуларга танкаларга каршы ракеталар же зениттик ракеталык комплекс өңдүү курал эмес, жөнөкөй жабдуулар берилмекчи. АКШнын коргоо мекемеси машыктыруу программасы кыйынчылыктардан улам өз максатына жетпегенин моюнга алган.

XS
SM
MD
LG