Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:13

Атайын операция учурунда талкаланган үйлөрдүн курулушу бүттү


Жаңы үйлөрдүн ачкычы бүгүн ээлерине тапшырылат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү, полковник Мурадил Азимжановдун “Азаттыкка” айтымында, эки үй толугу менен курулуп, үч үй оңдолуп-түзөлдү.

Үйлөрдү куруу иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жүргүзүп, ага президенттин социалдык коргоо жана калкты колдоо фонду тарабынан 5 миллион сом бөлүнгөн. Мындан сырткары күйүп кеткен үйлөрдү калыбына келтирүү жана материалдык чыгым үчүн кошумча 3 млн. 200 миң сом каралган.

Бул сумма деле жетпей калды. Анткени тургундардын өздөрүнүн үйү бир эле кабат болчу. Бирок алар мансарды менен үйдүн долбоорун тандашкан. Ошондуктан чыгымдар көбөйүп кетти. Дагы кошумча сурайбыз деп атышат,” – деди Азимжанов.

16-июлда Бишкектин Анкара жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде Улуттук коопсуздук комитетинин антитеррордук операциясы өткөн. Атайын кызмат "Ислам мамлекети" террордук тобуна катыштыгы бар делген адамдар кармалганын, экөө жок кылынганын маалымдаган. Бирок кийин кылмышка шектүүлөрдүн жакындары алардын террорчулукка тиешеси болбогонун айтып, күч кызматкерлерин айыптаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG