Дин эркиндиги бир гана Жакынкы Чыгышта, Азияда жана тропикалык Африкада эле эмес, Украинанын орусия жикчилдери көзөмөлдөп турган аймактарда да бузулууда. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин дин тутуу эркиндигине байланыштуу баяндамасында белгиленген.
Анда Сирия менен Ирактагы “Ислам мамлекети”, “Фронт аль-Нусра” сыяктуу экстремисттик топтор балдарды жана аялдарды кыйнап, аларды кулчулукка пайдаланганы, сатуу үчүн уурдаган учурлары кездешери белгиленген.
Ошондой эле Украинанын чыгышындагы Луганск жана Донецк аймактарында православ чиркөөсүнө келгендерди уурдаган жана коркуткан учурлар катталганы айтылат. Мындан сырткары баяндамада Өзбекстан менен Тажикстанда терроризмге каршы күрөшүү шылтоосу менен тургундардын дин тутуу эркиндигин чектеп жатканы белгиленет.
Антисемитизмдин Европада да таралып жатканы баяндамада негизги көйгөй катары көрсөтүлгөн. (КЕ)