Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялады. БШК башчысы Туйгунаалы Абдраимовдун айтымында, Жогорку Кеңешке 6 партия өттү. Алар - КСДП, «Республика Ата-Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү Прогресс», «Бир Бол», «Ата Мекен».
Ошентип, парламенттеги 120 депутаттык орундун 38и социал-демократтарга, «Республика Ата-Журтка» 28 мандат, «Кыргызстанга» 18, «Өнүгүү Прогресске» 13, "Бир Болго" 12 жана «Ата Мекенге» 11 мандат тийди. (AKu/RK)