Түрмөдөн качкандар өтө кооптуу кылмышкер болгондуктан Улуттук коопсуздук комитети алар тууралуу маалымат бергендерге 300 миң сом сыйпул жарыялады. Бул тууралуу аталган мекемден кабарлашты.
12-октябрда Кыргызстанда эң катуу кайтаруудагы №50 абактан террорчулук үчүн соттолгон 9 киши 3 кызматкерди өлтүрүп качып чыккан. Алардын бешөө кармалып, калган төртөө али күнчө дайынсыз болууда. Учурда өлкө боюнча күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
УКМК маалымат берүүнү каалагандар (0312) 62-65-04, (0312) 66-04-75 номурларына чалса болот. (RK)