Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:37

Балдарга карата зомбулук эки эсе өстү


Бишкек прокуратурасынын өкүлү Тилек Салимбаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, өткөн жылга салыштырмалуу балдарга жасалган зомбулук фактылары быйыл көбүрөөк катталган. Анын арасында сексуалдык кылмыштардын саны өскөн. Буга байланыштуу шаар тургундарынан 73 арыз түшкөн. Алардын ичинен алтоо тергөөдө такталган. Былтыр 46 арыз түшүп, алардын үчөө сексуалдык зордуктоого дуушар болгону тастыкталган.

ИИМдин маалыматы боюнча, балдарга карата жасалган сексуалдык кылмыштар акыркы жылдары он пайыз өскөнү байкалууда. Статистикалык маалымат боюнча, 2011-жылы 83 факт катталса, 2014-жылы 140ка жеткен. Көйгөйдү алдын-алуу боюнча прокуратура органдары ишти күчөтүүдө. Соңку үч айда алар жогорку окуу жайларда жаштар, студенттер менен жолугуп, балдардын укуктары, ага байланыштуу жазалар тууралуу маалымат берүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG