Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Бишкекке жылуулук ноябрдан баштап берилет


Бишкек шаарына жылуулук 1-ноябрдан баштап берилет. Бул тууралуу "Азаттыкка" мэриянын маалымат катчысы Гуля Алмамбетова билдирди. "Бишкек жылуулук тармагынын маалыматына" караганда, борбордук системага туташкан түтүктөр жылуулук берүүгө даяр.

Адегенде жылуулук мектеп, бала бакча, оорукана, төрөт үйлөрүнө жана башка социалдык мекемелерге берилет. Андан кийин турак үйлөргө жана ишканаларга өткөрүлөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG