Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:02

ЕБ жана Түркия качкындар кайгайын тескөө аракетине киришти


Түркиядан Грекиянын Лесбос аралына жетип, кайыктан оодарылып калган балалуу мигрант аял. Эгей деңизи, 2-октябрь 2015
Түркиядан Грекиянын Лесбос аралына жетип, кайыктан оодарылып калган балалуу мигрант аял. Эгей деңизи, 2-октябрь 2015

Европа биримдиги жана Түркия лидерлеринин Брюсселдеги саммитинде мигранттардын Европага агымын чектөө боюнча алдын-ала план макулдашылды. Айрым маалыматтарга караганда, ушу тапта Түркияда 2 миллиондой качкын бар. Алардын көбү согуштан качкан сириялыктар.

Еврокомиссия төрагасы Жан Клод Юнкердин айтуусунда, Анкарага акчалай жардам өлчөмү жакынкы күндөрдө талкууланат жана түркиялыктарга виза режимин жеңилдетүү маселеси «ыкчамдатылмакчы».

Буга чейин Түркия бозгундарды кабыл алуу борборлорун түзүү үчүн Евробиримдиктен 3 миллиард евро жана түрк жарандарына Шенген визасын берүүнү жеңилдетүүнү сураган.

Быйыл биримдикке 600 миңдей мигрант кирди. Алардын көбү, Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматына ылайык, Европага Түркия аркылуу өткөн.

XS
SM
MD
LG