Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

АКШ менен Орусия Сириядагы учуулар боюнча макулдашат


Эки мамлекеттин Коргоо министрликтери жакын арада Сириядагы учуулардын коопсуздугу боюнча меморандумга кол коюшат. Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын ыкчам башкармалыгынын жетекчиси Андрей Картапалов 16-октябрда билдиргендей, келишимдин айрым бөлүктөрү макулдашылды. Азыр юридикалык баа берүү жараяны жүрүп жатат.

Меморандум Сирия аймагында орус учактары менен АКШ баштаган коалиция учактарынын коопсуздугуна каратылган.

Картапалов ушундай эле келишим Түркия менен да түзүлөрүн маалымдады.

Жума күнү Сирия өкмөтү жикчилдерге каршы ири соккуларды баштады.

XS
SM
MD
LG