Германиянын канцлери Ангела Меркел Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен качкындар маселесин талкуулоо үчүн 18-октябрда Стамбулга келди.
Иш сапары учурунда Европа Биримдиги Түркияга берчү жардам тууралуу кеңири сүйлөшүүлөр жүрөт. Европа өлкөлөрүнүн ичинен качкындардын агымы эң көп Германияга туура келет.
Ушул тапта Түркияда эки миллионго чукул сириялык качкын бар. Аларды камсыздоого көмөктөшүү үчүн Европа Биримдиги Түркияга үч миллиард евро өлчөмүндө жардам жиберип, түркиялык атуулдар үчүн Шенген визасын алуу жолдорун жеңилдетүү маселелери каралууда. Бирок эл аралык укук коргоочу Amnesty уюму Түркияда качкындардын абалы көз жаздымда калып жатканын сынга алууда.